Бекешев: Депутаттар интернетте жалаа жабуу жана мазактоо үчүн айып пулду азайтууну сунуштап жатышат

Image description

Парламент депутаты Дастан Бекешев ЖМК менен интернетте жалаа жабуу жана мазактоо үчүн айып салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору күн тартибинен алынып, Укук тартиби боюнча комитеттин кийинки жыйынына жөнөтүлгөнүн билдирди. 

Анын айтымында, депутаттар айып пулдун өлчөмүн жеке жактар үчүн 100 миң сомдон 20 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 200 миң сомдон 60 миң сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатышат. 

«Жарандар үчүн ушундай “жеңилдик” кылууну сунуштап жатышат [...] Чынында бул деле аз эмес сумма. Мен [буга чейин] экинчи окууда айыптарды 1000 сом кылууну сунуштагам. Анткени максат — жарандарды жөн гана кедей кылуу эмес, а жазалоо. Негизи эле мен бул мыйзам долбооруна каршымын, бирок мында так ортосун табууга аракет кылдым [...]», — деп жазды ал телеграм-каналына. 

Бекешев депутаттар ошондой эле Маданият министрлигин кайсы жалаа жабуу жана мазактоо экенин аныктоо ыйгарым укугунан ажыратууну сунуштаганын белгиледи. Анын айтымында, айып салуу үчүн сотко кайрылуу ыйгарым укугун тартип коргоо органдарына берүү демилгеленүүдө. 

Интернетте жана ЖМКда жалаа жабуу, мазактоо үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун Маданият министрлиги демилгелеген.

Документке ылайык, ЖМКда же интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң айып салуу сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, акыркы кездери «ЖМК жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо, жалаа жабуу учурлары көбөйгөнү» байкалууда.