Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Арабияда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде согуштук кырдаалга кептелген Палестина менен Израилди сүйлөшүүгө үндөө жана «эки мамлекет» идеясын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуштады.
Ал бир жыл мурда палестин элине карата жасалып жаткан зомбулукту токотууну талап кылганын, бирок, абал өзгөрбөй согуш аракети Жакынкы Чыгыш аймагын да тооруп келе жатканын белгиледи.
Өлкө башчысы дүйнө коомчулугу бейкүнөө элдин, анын ичинде наристе, өспүрүмдөр менен аялдардын өлүмүнө себеп болгон кырдаалдарды айыпташы керектигин кошумчалады.
«Алдыда кыш мезгилинин кирип жатканына байланыштуу, Израил өкмөтүнөн Газа тилкесине гумжардам жеткирүү үчүн чек арадагы өтүүчү жайларды ачып, Газа элине жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылууга чакыруу керек. Кыргызстан ал жердеги бир туугандардын азабын жеңилдетүү үчүн бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөттү жана жардамды үзгүлтүксүз улантуу аракетин көрүүдө», — деди ал.
7-октябрда палестиндердин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди ракета менен аткылаганы кабарланган. ЖМКда аталган топ Израилди Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин басып алууга айыптаганы айтылган.
Ал эми Израил өкмөтү ХАМАСка каршы согуш ачкан. ХАМАСты колдогон палестин бийлиги чабуулдун кесепетинен Газада 43 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын айтып келет. Израил болсо жай элге эмес, террорчуларга каршы күрөшүп жатканын айтууда.
Кийин ХАМАСты колдогон Ливандагы «Хезболла» тобу (Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия катары таанымал) аракетке өтүп, азыр Ливандын түштүгүндө согуштук аракеттер жүрүүдө. Мындан тышкары Иран менен Израилдин ортосундагы абал да курч бойдон калууда.