«Добуш сатып алуу». ИИМ СДПКнын штабындагы тинтүү боюнча маалымат берди

Image descriptionИИМ «Социал-Демократтар» партиясынын штабы «Добуш сатып алуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүүгө алынганын билдирди.

Маалыматка ылайык, иш козгоого соцтүйүндө партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкинанын Данияр Чолпонбаев аттуу адам менен сүйлөшүп жаткан аудиосу тараганы негиз болгон.

«Алар үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрь күнү өтө турган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууну талкуулашкан», — дешти милициядан.

ИИМден азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, кийин кошумча маалымат берүүнү убадалашты.