ИИМ: Шайлоо күнү «жапырт башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууну көздөгөндөр» кармалды

ИИМ жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү бийликти басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштурууга шектелген жети киши кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар 17-ноябрда улуттук спорт оюндарын өткөрүү шылтоосу менен адамдарды чогултуп, бийликти күч менен басып алуу үчүн аларды абалды туруксуздаштырууга чакырууну пландашкан.

ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү кармады. Милициянын маалыматы боюнча, кармалгандардын үчөө — чет өлкөлүк жарандар. Алардын экөө башка өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан. Укук коргоо кызматкерлери алардын жанынан курал-жарактарды, ок-дарыларды жана маңзаттарын табышкан. 

Кармалгандардын калганы — кыргызстандыктар. Алардын экөө буга чейин бир канча жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тергөөнүн версиясына ылайык, негизги уюштуруучу — башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу болгон. 

«Анын милдетине каржылык камсыздоо, укук коргоо органдары менен байланышуу, алардан алынган маалыматтарды берип туруу, ошондой эле жапырт башаламандыктар жана бийликти басып алуудагы ролдорду бөлүштүрүү кирген», — деп билдиришти ИИМден.

Шектүүлөргө «Жапырт башаламандыктарга даярданууну уюштуруу», «Уюшкан топту түзүү», «Уюшкан топту каржылоо», «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү», «КР жаранынын башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылыштарга катышуусу» беренелери боюнча айыптар тагылды.

Жети кишинин кармалганы 12-ноябрда белгилүү болгон. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына ылайык, алардын баары 10-январга чейин камакка алынды.

Кубан Адыл уулу башкы прокурордун орун басары кызматынан президенттин буйругу менен 30-апрелде бошотулган. 

Кыргызстанда 249 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген.