Президент «сөз эркиндиги жок» деген журналисттерди курултайга делегат болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров «сөз эркиндиги жок, кысым болууда» деген журналист, блогер жана активисттерди Элдик курултайга делегат болуп шайланууга чакырды.

Жапаров аларга «эл алдында аброюңарды көрсөтүп, бийликке каалаган сурооңорду бергиле, биз кача турган маселе жок» деп кайрылды. Бул тууралуу ал шайлоо боюнча фейсбук барагына жазган билдирүүсүндө айткан.

«“Дүжүр курултай болду” же “дүжүрлөр шайланып келишти” деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар Элдик курултайга шайланып келип, суроолоруңарды ачык айтыңыздар. Ой-пикир, дооматыңар болсо түз эфирде билдиргиле», — деди ал.

Президент бул «Азаттык», «Кактус», «ПолитКлиника», «Клооп» сыяктуу басылмаларга тиешелүү экенин айтып, «өлкөдө сөз эркиндиги сактала берет жана делгаттар каалаган маселени көтөрүп чыга алышат» деп эскертти.

«Болгону жалган айтпа, бирөөгө курулай жалаа жаппа, жеке абройуна шек келтирбе. Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа. Европа жана Америка өлкөлөрүнөн “качкын” макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, өз элиңди жамандаба», — деди Жапаров.

Бул жыл журналисттерди жапырт кармоо, сотто жана басылмалардын ишин бөгөттөө менен коштолду. Медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги чектелип, ЖМКга басым күчөгөнүн айтууда. Бирок президент баштаган бийлик өкүлдөрү андай эмес экенин кайталап келет.