Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-ноябрда кабыл алган. Маалыматка ылайык, сотко экс-бажычынын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүч менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.
Коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов 26-мартта кармалып, Азербайжандан Бишкекке алып келинген.
Ал «эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу» жана «кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» иши боюнча камакка алынган. УКМК Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «тыгыз байланышта» болгон деп билдирген.
Матраимов менен кошо анын үч бир тууганы да кармалган. Руслан жана Исламбек Матраимовдор ушул тапта Ошто тергөө абагында.
Ал эми Тилек Матраимов райондук соттун өкүмү менен 1 млн сом айыпка жыгылып, жакынкы үч жылда мамлекеттик кызматка орношуу укугунан ажыратылган. Кийин Ош облустук соту анын апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айып тагылган.