Бишкек шаардык милициясы шайлоочулардын добушун алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Адилет» партиясынын штабында тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н аттуу аял Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аталган партиядан талапкер болгон А.Иге 113 адамдын добушун сатып алуу үчүн 55 миң 500 сом которгону белгилүү болгон. Ошондой эле аял банктардын биринин мобилдик колдонмосунан 17 шайлоочуга 1000-2000 сомдон которгону айтылат.
«Бул учурлар И.Н жашаган жери менен саясий партиянын шайлоо штабын тинтүү учурунда алынган документтер менен тастыкталган», — дешти милициядан.
И.Н. добуш сатып алууга айыпталып жатат. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда болот.