Нуржамал Байболова «Оберон» базары боюнча Жогорку сотко кайрылды

Бишкектеги «Оберон» базарларынын ээси Нуржамал Байболова кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды. Ал соттон административдик жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп жатканын «Азаттык» радиосу жазды.

Байболова журналисттерге Конституциялык сотко жана эл аралык сотторго да кайрылууга ниеттенип жатканын билдирген.

Азырынча Жогорку сот Байболованын арызын качан карай турганы белгисиз.

Октябрдын соңунда УКМК Дордой жана Орто-Сай базарларындагы эки «Оберон» базары Бишкек мэриясына өткөнүн билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, базардын жерлери 1998-жылы «Оберон» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз берилген.

Атайын кызматтан ЖЧК ээлери алгач жерлерди ижарага алып, кийин «кызмат адамдары менен сүйлөшүп», жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылары алганын белгилеген.

Шаар бийлиги мыйзамсыз чыгарылган токтомдорду жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Жыйынтыгында Бишкектин административдик жана шаардык соттору мэриянын өтүнүчүн канааттандырган.

Анда Байболова муну «бийликтин менчик ээлерине, ишкерлерге каршы жүргүзүп жаткан зомбулук жана талап-тоноо саясатынын кезектеги бөлүгү» деп атаган.