УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча комментарий берди.
«Кечээ бир чоң партиянын штабынан талапкерлер өздөрү түздөн-түз уюштуруп добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды», — деди ал.
Ташиев шайлоо өтө турган жекшемби күнү да укук коргоо органдары бул багытта иш алып барарын билдирди.
«Укук коргоо органдары шайлоо күнү да бардык шайлоо тилкелеринде, көчөлөрдө да иштешет. Ошондуктан добуш сатып албагыла. Таза шайлоо өткөрүшүбүз керек», — деди атайын кызматтын башчысы.
Ал алдыдагы шайлоодо бийлик бир дагы партияны, бир дагы талапкерди колдобой турганын кошумчалады.
13-ноябрь күнү кечинде «Социал демократтар» партиясынын мүчөлөрү өздөрүн тааныштырбаган белгисиз кишилер штабга келип, тинтүү жүргүзө баштаганын билдиришкен. Андан соң партия лидери Темирлан Султанбековду суракка алып кетишкен.
Бүгүн шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын ишенимдүү адамы Роза Турксевердин кармалганы белгилүү болду. Ошондой эле Султанбеков менен анын атасы да кармалганы кабарланууда, бирок милиция азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Андагы талапкерлердин арасында «Социал демократтардын» да мүчөлөрү бар.