Коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов казынага 200 млн доллар (17 миллиарддан ашык сом) төлөп берген соң ТИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, каражат накталай түрдө төлөнүп берилген.
«Ал кыймылсыз мүлк менен да төлөдү. Бирок биз аны экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан баада алдык»,
— деди ал.
Ташиев Матраимовго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», «бейбаштык» жана «арам акчаны адалдоо» боюнча иши козголгонун айтты. Ал иш сотко өткөндө Матраимов бул беренелер боюнча каралган жазасын алат деп эскертти.
«Ал беренелер боюнча эркинен ажыратуу же айып пул салуу жазасы каралган. Ошол боюнча жоопко тартылат. Акчаны төлөгөндөн кийин аны түрмөдө кармоонун эч кандай пайдасы жок эле»,
— дели Ташиев.
Райымбек Матраимов 26-мартта Азербайжандан Бишкекке алып келинип, камакка алынган. Ал эми 11-ноябрда Биринчи май райондук соту аны эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.
УКМК Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «тыгыз байланышта» болгон деп билдирген. Аны менен кошо анын үч бир тууганы да кармалган.
2021-жылы сот Матраимовду коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыпка жыккан. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары күнөөсүн моюндап, казынага 2 миллиар сом төлөп берүүгө макул болгон.