Темирлан Султанбеков: Менден депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуумду өтүнүштү

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Бишкек милициясындагы сурактан чыккандан кийин аны кайра кармап кетишкенин билдирди.

Султанбековдун айтымында, сурактын жүрүшүндө андан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу тууралуу арыз жазууну өтүнүшкөн.

«Ошондуктан биз талапкерлер менен чогулуп, муну талкуулайбыз. [...] Биз чындык үчүн баратабыз. Тилекке каршы, мен көптөгөн жемкорлордун [куйругун] баскам. Мени баары жек көрөт, ошону билип койгула», — деди ал.

Султанбеков ошондой эле сурактын жүрүшүндө негизинен кечээ кечинде милиция тараткан партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкинанын катышуусундагы аудиожазуу жөнүндө сөз болгонун кошумчалады. Анда Карамушкина телефон менен сүйлөшүп жаткан адамга партия жетекчилеринин бири Назар Ниязовго акча берип жибергенин айткан.

«БШКнын сайтында “Талапкер” сайтында Ниязовго айлык акы катары 15 миң сом берилгенин көрсөңөр болот. Ооба, биз башка партиялардай 30-50 миңден төлөй албайбыз. Бирок 15 миңден бергенге аракет кылып жатабыз. Бардыгы келишим боюнча. Биз муну далилдеп бердик. Тергөөчүлөр “шок” болуп калышты», — деди ал.

Партия лидери Ирина Карамушкина менен Роза Турксевердин кармалышын «КР мыйзамдарынын одоно бузулушу» деп атады.

Анын бул билдирүүсүнөн кийин «Апрель» редакциясы милиция кызматкерлери Султанбековду кайрадан кармап кетип жатканы тартылган видеону жарыялады. Бул маалыматты журналисттерге партия мүчөлөрүнүн бири ырастады.

13-ноябрь күнү кечинде «Социал демократтар» партиясынын мүчөлөрү өздөрүн тааныштырбаган белгисиз кишилер штабга келип, тинтүү жүргүзө баштаганын билдиришкен. Андан соң партия лидери Темирлан Султанбековду суракка алып кетишкен.

Кийинчерээк Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Социал демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын талапкери Данияр Чолпонбаевдин телефон сүйлөшүүсү делген аудиожазууну тараткан.

Бүгүн шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип Ирина Карамушкина менен партиянын ишенимдүү адамы Роза Турксевердин кармалганы белгилүү болду.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Андагы талапкерлердин арасында «Социал демократтардын» да мүчөлөрү бар.