Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көп балалуу үй-бүлөлөргө бир жолу жөлөкпул берүү боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, бир үй-бүлөдө жетинчи бала төрөлсө, мамлекет ата-энелерге 1 млн сом, ал эми онунчу бала төрөлсө 2 млн сом төлөп берет.
«Экинчи окууга чейин төрт, беш, алты жана тогузунчу бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө канча каражат төлөнөт тактап беребиз», — деди ал.
Жапаров мамлекет ар бир балага кам көрөрүн белгилеп, учурда балдар үйүндө тарбияланып 18 жашка чыккан балдарга «Келечекке салым» мамлекеттик депозитинен 500 миң сомдон бөлүнөрүн кошумчалады.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бийлик тоолуу аймакта жашагандар үчүн энелик капитал киргизүүнү көздөп жатканын айткан. Ал өлкөнүн айрым аймактарында төртүнчү балага 100 миң сом, бешинчиге 600 миң, ал эми жетинчи балалуу болгондорго 1 млн сом төлөп берүү каралып жатканын белгилеген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкы 7,1 млн адамды түзгөн.