«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев партия лидери Темирлан Султанбеков кармалган 13-ноябрда эле ачкачылык жарыялагана билдирди.
«Адвокаттардын айтымында, Султанбеков өзүнүн мыйзамсыз кармалганына жана ага жасалып жаткан мыйзамсыздыкка нааразылык билдирип кармалган күндөн тарта ачкачылык жарыялап, бул акция үч күн катары менен улантууда», — деп жазды ал фейсбук барагына.
Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Султанбеков баш болгон бир нече мүчөсү «Добуш сатып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө абагына киргизилген.