«Социал-демократтар» партиясынын лидери «добуш сатып алууга» шектелип тергөө абагына киргизилди

«Социал-демократтар» партиясынын бир нече мүчөсү «Добуш сатып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген соң тергөө абагына киргизилди.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, жалпы партиянын 10 мүчөсү сурак берген. Тергөө абагына партия лидери Темирлан Султанбеков, шайлоо штабынын координатору Ирина Карамушкина жана партиянын өкүлү Роза Турксевер киргизилди.

Милициядан териштирүү уланып жатканын жана кылмыш ишине катыштыгы барлардын аракетине юридикалык баа берилерин белгилешти.

Султанбековдун адвокаты Айбек Турдуев «Апрель» басылмасына камакка алынган үч киши тең добуш сатып алууга айыпталып жатканын билдирди. Ал Султанбеков айыпталуучу катары сурак берип, 48 саатка камалганын айтты.

Буга чейин Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясынын каттоосун жокко чыгарган. Чечим партия мүчөлөрүнө «добуштарын сатып алуу» боюнча кылмыш иши козголгон соң кабыл алынган. Партиядагылар бул чечимге каршы БШКга доо арыз беришерин билдирген.

13-ноябрда күч кызмактерлери «Социал-демократтар» партиясынын Бишкектеги штабын тинтиген. Кийин ИИМ Ирина Карамушкинанын Данияр Чолпонбаев менен сүйлөшүп жаткандагы үн жаздыруусу тараган соң «добуш сатып алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

14-ноябрдын таңында Карамушкина менен Турксевер добуш сатып алууга шектелип кармалган. Милициядан текшерүүдө алар шайлоочулардын добушун 1000 сомго сатып алганы аныкталганын айтышкан.

Темирлан Султанбеков кармалганга чейин билдирүү жасап, милиция партия жетекчиси Назар Ниязовго төлөнгөн маянаны «добушун сатып алуу» катары кабылдашканын айткан. Ал ошондой эле суракта шайлоо тизмисинен чыгуу тууралуу арыз жазууну сунушташканын белгилеген.

Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өтөт, «Социал-демокарттар» партиясынын мүчөлөрү да талапкерлердин катарында болчу.