«Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрү эки айга камакка алынды

Image description15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, шайлоо штабынын координатору Ирина Карамушкина жана партиянын өкүлү Роза Турксеверди 13-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Алар «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча айыпталышууда.

Султанбеков мыйзамсыз кармалганына жана ага жасалып жаткан мыйзамсыздыкка нааразылык билдирип ачкачылык жарыялаганы маалым болгон.

Ал кармалганга чейин билдирүү жасап, милиция партия жетекчиси Назар Ниязовго төлөнгөн маянаны «добушун сатып алуу» катары кабылдашканын айткан. Аймактык шайлоо комиссиясы партияны шайлоодон четтеткени кабарланган.

Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өтөт, «Социал-демокарттар» партиясынын мүчөлөрү да талапкерлердин катарында болчу.

Сүрөт: Токтосун Шамбетов