«Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрүнүн соту башталды

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотуна партия лидери Темирлан Султанбеков, шайлоо штабынын координатору Ирина Карамушкина жана партиянын өкүлү Роза Турксевер алынып келинди. Аларга «добуш сатып алуу» айыбы тагылууда.

«Бул күндөр да өтөт», — деп кыйкырган Султанбеков сот залына кирип баратып.

Султанбеков мыйзамсыз кармалганына жана ага жасалып жаткан мыйзамсыздыкка нааразылык билдирип ачкачылык жарыялаганы маалым болгон.