Бишкек: Бычакталып каза болгон аялдын күйөөсү камакка алынды

Image descriptionБишкектин Арча-Бешик конушунда бычакталган 27 жаштагы келиндин өлүмү боюнча «Мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, күйөөсү камакка алынды.

Ленин райондук милициясы мындай өкүмдү райондук сот чыгарганын, учурда иликтөө журүп жатканын билдирди.

Келин 15-ноябрь эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Аны ондон ашык жолу бычактаган жолдошу өз жанын кыюуга аракет кылганы айтылган.

Милициядан чатак «кызганычтан» улам чыкканын белгилешкен. Ал эми 34 жаштагы шектүү ооруканада болчу.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Кыргызстанда соңку 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза тапкан. 2024-жылдын биринчи алты айында аялдар зомбулуктан каза болгон тогуз учур катталган.