17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болду. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, шайлоого жалпы шайлоочулардын 27,83%ы катышты.
БШКнын билдирүүсүндө 4 миллион 135 миңден ашык шайлоочунун 1 миллион 151 миңден ашыгы добуш бергени айтылат. Айылдарда шайлоочулардын 30,15%ы, шаарларда 24,25%ы добуш берген.
Бишкекте «Жаңы күч — Новая сила» партиясы алдыга чыкты. Ал 36 623 добуш (29,38%) топтогон. Мындан тышкары, шайлоо босогосун дагы төрт партия ашкан: «Эмгек» (22%), «Адилет» (15,09%), «Ынтымак» (14,07%) жана «Эл Үмүтү» (10,93%).
Ош шаарында да ушундай жыйынтык болду. Шаардык кеңешке беш партия өттү: «Жаңы Кыргызстан» (43,36%), «Ынтымак» (20,02%), «Мурас» (15,15%), «Милдет» (10,4%) жана «Бир Бол» (9,75%).
Боршайком шайлоо босогосу 5%га чейин төмөндөтүлгөнүн белгиледи, мурда бул көрсөткүч 7% болчу. Учурда добуштарды эсептөө иштери уланууда.
14-ноябрда Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясынын каттоосун жокко чыгарган. Ага партиянын «добу сатып алууга» байланыштуу козголгон кылмыш иши негиз болгону маалымдалган.
«Социал-демократтар» чечимге нааразы болуп, БШК алардын арызы каралганга чейин шайлоодон четтетүүгө укугу жок экенин айткан. Бирок шайлоо күнү аталган партиянын аты бюллетендерден сызып салынган.
БШК добуш берүү бүткөндөн кийин партиянын арызын карай баштаган. Жыйында БШК мүчөсү Кайрат Маматов «Социал-демократтар» арызды убагында тапшырышы керек болчу» деп билдирген. Арыз 17-ноябрда саат 16:00дө берилгени айтылды.
17-ноябрда жалпы 33 шаардык жана 231 айылдык кеңеште депутаттарды шайлоо болуп өттү.