Бишкекте эки троллейбус кампасы оңдолуп, электробустар үчүн кубаттагычтар орнотулууда

Image descriptionШаардык мэриянын маалыматына ылайык, Москва көчөсү 237 жана Шабдан Баатыр көчөсү 14 дарегиндеги кампаларда казуу жана оңдоо иштери жүрүүдө.

Реконструкция Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп жатат. Ал эми оңдоо ишетине тоскоолдук жаралбаш үчүн троллейбустар «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына жылдырылды.

«Биринчи 120 электробусту жана кубаттоочу жабдыктарды алып келүү пландалууда. Кийин эки кампанын толук реконструкциясы каралган», — дешти мэриядан.

4-ноябрдан тарта Бишкекте троллейбустар каттамдан толук алынган. Майда мэрия 100 троллейбусту Ошко өткөрүп берип, ордуна 120 электробус сатып алуу чечкен.

Кийин аны шаардык кеңеш жактырып Оштон тышкары, Нарынга алты, Баткенге он троллейбус өткөрүп берилген. Бирок активисттер мэриянын бул чечимине нааразы болушууда.