Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн жети компанияга 10 млн 725 миң сом айып салынганын билдирди.
Айыпка «Перфект Строй», «АРАЙ», «Скай Билдингс Инжиниринг», «ХАН СТРОЙ», «Руссотехмонтаж», «Береке Билдинг», «Стальмонтаж плюс» жана башка майда компаниялар жыгылды.
«Аталган компаниялар мыйзам бузуу менен курулуш иштерин жүргүзүп, көп кабаттуу үй курууда коопсуздук эрежелерин сактабаганы аныкталды. Буга байланыштуу мыйзамда каралган беренеге ылайык акчалай айып салынды», — дешти мекемеден.
Мамкурулуш мындан ары да курулуш эрежелерин сактабаган компаниялар текшерилип, чара көрүлөрүн эскертти.