«Социал-демократтар» партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу анын адвокаты Айбек Турдуевге шилтеме кылып билдирди.
Адвокаттын айтымында, Султанбеков 14-ноябрга караган түнү кармалгандан бери тамактана элек. Алгачкы үч күндө ал суу да ичкен эмес.
Күн мурун Султанбековдун Фейсбук барагына анын каты жарыяланган. Анда саясатчы коркпой турганын, асынып же кан тамырын кеспей турганын жазган. Ал «социал-демократтар» шайлоодо «жеңишке жеткенин» белгилеген.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Темирлан Султанбековду жана анын эки партиялашы Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Үчөө тең шайлоочулардын добушун сатып алуу иши боюнча айыпталууда.
13-ноябрда укук коргоо органдары «Социал-демократтардын» Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. Андан соң милиция Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев добуш сатып алуу жөнүндө сүйлөшүп жатат делген телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун тараткан. Бишкек милициясынын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө алар шайлоочулардын ар биринин добушун 1000 сомдон сатып алууну уюштурганы аныкталган.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. Кылмыш ишине байланыштуу «Социал-демократтар» партиясы Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышуудан четтетилген.