Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Баткен облусунун 36 жаштагы тургунунун сөөгү табылды. Ал эми кылмышка анын курбусу шектелүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, окуя тууралуу кабар Ош шаардык милициясына 17-ноябрда таңкы саат 9:00дө келип түшкөн.
Териштирүүдө маркум курбусу менен бир батирде жашаганы аныкталган. Алар спирт ичимдигин ичип, ортодо пикир келишпестик чыккан. Маркумду курбусу шымдын боосу менен муунтканы аныкталган.
Азыркы тапта шектүү облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө иштери жүрүп жатат.