Парламент 20-ноябрдагы жыйынында саясий жана диний ишеними үчүн 1918-1953-жылдардагы репрессияларда жабыркаган жарандарды реабилитациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун макулдашылган версиясын кабыл алды.
Жогорку Кеңеш бул документти 27-июнда эле үчүнчү окууда кабыл алган. Бирок сентябрдын башында президент мыйзам долбоорун кайра артка кайтарган.
«Биз бул мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алганыбызды баарыңар жакшы билесиңер. Каржы министрлиги менен бир пикирге келе алган эмеспиз. Азыр Башкы прокуратура жана Каржы министрлиги менен документти макулдаштык», — деди долбоордун авторлорунун бири Жанар Акаев.
Садыр Жапаров мыйзам долбоорун парламентке кайтарганда документте саясий репрессиялардын курмандыктарын актоо боюнча комиссия түзүү каралганын айткан. Ал мыйзам долбоорунда кошумча чыгым талап кылбастыгы жазылганы менен, комиссиянын ишине акча керек болорун белгилеген.
«Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлорун Минкаб каржы булагын аныктагандан кийин гана кабыл алат», — деген президент.
Садыр Жапаров Каржы министрлигине шилтеме кылып, мыйзамда акталган адамдардын жакындары менен балдарына ай сайын мамлекеттик кепилдик төлөмдөрдү төлөө каралганын белгилеген. Маалыматка ылайык, бул үчүн жылына кошумча 345,8 млн сомдон талап кылынышы мүмкүн, анткени мыйзам долбоорунда репрессияланган кыргызстандыктардын саны 18 миңге чейин жетет.
Каржы министрлиги 2025-2026-жылдарга бекитилген республикалык бюджетте репрессияланган жарандардын жакындарына кепилдик төлөмдөрдү төлөө үчүн каражат каралбаганын билдирген.
Документтин макулдашылган версиясында комиссиянын жана изилдөөчүлөрдүн ишине каражат бюджеттен эмес, парламент төрагасынын резервдик фондунан жана демөөрчүлөрдүн эсебинен бөлүнөрү жазылган.
Мыйзам долбоору «Саясий, диний ишенимдери, ошондой эле социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукталып, кийин акталган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Демилчечилер РСФСРдин 1922-1926-жылдардагы Кылмыш кодексинин Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин иштеген айрым беренелери менен соттолгондорду актоо тууралуу өзүнчө берене кошууну сунушташкан.
Түрдүү булактарга ылайык, өзгөчө 1937-1938-жылдары күчөгөн репрессиялар учурунда Кыргызстанда 20 миңден 40 миңге чейин киши атылган.