УКМК Эмил Жамгырчиев суракка чакырылганын билдирди

Иликтөөчү журналист Болот Темиров 19-ноябрда активист Тилекмат Күрөңовдун паспорту Дубайдан уурдалганын айтып, бул анын аталган өлкөдөн чыгуусуна тооскоолдук жаратту үчүн жасалган деп сыпаттаган.

Күрөңов кийин фейсбук барагында билдирүү жасап, мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен Дубайда жолуккандан кийин паспортун жоготуп жибергенин айткан. Ошондой эле Бириккен Араб Эмирлигинин жергиликтүү органдарында сурак берип чыкканын кошумчалаган.

Ал эми Эмил Жамгырчиев Дубайда Күрөңөв менен жолукканын ырастады. Ал «паспорт уурдалганы» тууралуу билдирүүнү Күрөңов менен Болот Темиров даярдаган «спектаклдин» бир бөлүгү деп атады. Ошондой эле УКМК аны суракка чакырганын белгиледи.

УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, чуулгандуу жолугушуунун себептери жана жоопко тартуу негиздери такталып жатканын белгилешти.