Кыргызстандын үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн мыйзамдарына жана кодекстерине түзөтүү кирди. «Клооп» эксперттер менен маек куруп, жаңы кабыл алынган өзгөртүүлөрдү анализдеп чыкты.

 

Материал «Медиасеттин» колдоосу менен даярдалды. 


Апрелдин башында, Бишкектен анча алыс эмес жерде 34 жаштагы Рахима Айкымбаеваны мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Кылмышка шектелип аялдын мурдагы күйөөсү кармалган. Жубайлар окуя болордон эки ай мурда эки жолго түшкөн экен.  

Күйөө Рахиманы наристе кызын уктатып олтурган жерде 27 жолу бычак менен сайган. Ошол учурда аялдын кичинекей эки баласы наркы бөлмөдө уктап жаткан. 

Маркумдун жакындарынын айтымында, күйөөсү аны мурда деле ур-тепкиге алып келген. Аял бир нече жолу милицияга дагы кайрылган. 

«Аялды коргоого келгенде мыйзам иштебейт. Рахима бир нече жолу милицияга арыз жазган, токмоктогонун айтып берген. Бирок алар үй-бүлөлүк ишке кийлигише албайбыз деп айтышкан. Өзү мага бул жөнүндө көп жолу айтып берген. Алар аялды өлтүрүп койгондо гана кыймылдашат тура. Адам өлтүргөнү үчүн аны бардык мыйзам талабынан ылайык катуу жазалоону талап кылабыз», — деген каза болгон келиндин эжеси Миргүл Былжиева. 

 Сот Рахиманын мурдагы күйөөсүн «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренесинин негизинде 15 жылга эркинен ажыраткан

Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйүүдө 

Расмий статистикага таянсак, Рахима — өткөн 2,5 жыл аралыгында үй-бүлөдөгү зөөкүрдүн колунан ажал тапкан 34 аялдын бирөөсү. Ушул эле расмий статистика, үй-бүлөлүк зомбулук учурларды жылдан жылга көбөйүп жатканын айтып турат. 

Ошол эле учурда, укук коргоочулар өлкөдөгү зомбулуктун реалдуу масштабын аныктоо татаал экенин белгилешет.

«Маморгандар берген статистика абдан азайтылып айтылат: буга милицияга жетип, арыз жазып, бактыга жараша, укук коргоо органдары көңүл сыртында калтырбай арызын кабыл алып, кандайдыр бир аракет көргөн аялдар гана кирет. Чынында, өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли өтө бийик», — дейт, «Сезим» кризистик борборунун башчысы Атыр Абдрахматова.

ИИМ болсо расмий статистикада үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн, учурда бул маселеге мурдагыдай көз жумуп койбой, көңүл бурула баштаганы менен түшүндүрөт.

«Үй-бүлөлүк зомбулук — мурда ачык айтылбай турган укук бузуу деп саналчу. Адамдар чыр-чатакты сыртка чыгарбаганга аракет кылышчу. Анткен менен, маалыматтык кампаниялардын, анын ичинде ЖМКнын иш-аракетинен улам бул жагдай өзгөрө баштады. Зомбулук көргөндөр укук коргоо органдарына кайрылып башташты. Бул да болсо, каттоого алынган учурлардын саны өскөнүнө байланыштуу», — деп «Клоопко» түшүндүрдү, ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев.

Анткен менен, үй-бүлөлүк зомбулуктун каттоого алынган учурлары өскөнүнө карабай, сотко чейин жеткен кылмыш иштеринин саны дагы деле аз бойдон калууда. Мисалы, 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 496 кылмыш иши козголуп, 201 иш кыскартылган. 2023-жылы 591 иш козголуп, 147 иш токтотулган.

Кыйноого кабылган Асел

Аялдар мыкаачылык менен өлтүрүлүп же сабалган чуулгандуу окуялардан улам кыргыз коомчулугунда көйгөйдү канткенде чечсе болот деген талкуулар жаралып келет. Варианттардын бири — колдонуудагы мыйзамдарды өзгөртүү.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндөгү» мыйзам Кыргызстанда эбактан бери эле бар. Бул мыйзам укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга кеңири ыйгарымдарды берет.

Мыйзамга коргоочу ордер түшүнүгү кирген, ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге берилет. Ушул эле мыйзам, жабырлануучулардын кайрылууларына орган кызматкерлери кандай реакция кылышы керек экенин чечмелеп берет. Мисалы, милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кабар берген же арыз жазган ар бир адамды кабыл алышы керек, зомбулук болуп жатса аны токтотуу үчүн кандай гана менчик имарат болбосун кирип барып, жабырлануучуну ооруканага же коопсуз жайга жеткириши керек.

Бирок 2024-жылы Жогорку Кеңеш аталган мыйзамга түзөтүү киргизген. Бул өзгөртүүлөр Асел Ногойбаеванын окуясы кызуу талкуу болуп жаткан шартта кабыл алынган.

2023-жылы 20-сентябрдын таңында, Бишкектин четиндеги Селекционное айылындагы Ногойбаеванын батирине мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов күч колдонуп кирип барган. Эстебесов аялды бир нече саат бою кыйнап, канцелярдык бычак менен бети-башын, мойнун кескилеп, андан соң мурду менен кулагын шылып салган. Батирден чыккан ызы-чуудан улам коңшусу милиция чакырып, Ногойбаева аман калган.

Бул окуядан кийин, Эстебесов мурдагы аялын көптөн бери куугунтуктап келгени, бир нече жолу зордуктаганы билинген. Зордуктоо фактысынын бир эпизоду боюнча ачылган кылмыш ишин сот тараптар элдешти деген жүйө менен токтоткон. Экинчи эпизод боюнча, 2023-жылы апрелде экс-күйөө беш жылга соттолуп, бирок пробациялык көзөмөлдүн негизинде бошотулган.

Эстебесов Аселди майып кылып, аз жерден өлтүрүп сала жаздаганда гана камакка алынган — ал 20 жылга эркинен ажыратылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү мыйзамда эмне өзгөргөн?

Өзгөртүүлөрдүн бири, коргоочу ордердин мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылды — мурда ордер болгону үч күнгө берилчү.

Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамына жаңы түшүнүк — куугунтук кирген. Демек, агрессор жабырлануучуну куугунтуктай турган болсо, орган кызматкерлеринде аны жоопко тартууга көбүрөөк ыйгарым укуктары болот.

Расмий никеге турбаган түгөйлөр, мисалы нике кыйып эле жашап жүргөн жуптар арасындагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн мыйзамга жаңы — үй-бүлө мүчөсүнө тете адам түшүнүгү киргизилген. Эми туугандары же үй-бүлө мүчөлөрү гана эмес, иш жүзүндө мамиледе болгондор дагы жабырлануучу деп саналат. Бул өз кезегинде коргоонун арышын кеңейтет.

Андан тышкары, мыйзамга тобокелдерди баалоо протоколу киргизилген. Ага ылайык, жооптуу адамдар үй-бүлөлүк зомбулук кайрадан кайталанбайбы, кийин адам өлтүрүү сыяктуу оор натыйжага алып барбайбы аныкташы керек болот. Бул агрессорго карата көрүлчү чараны аныктоонун куралы болууга тийиш: камакка алынабы, административдик айып салынабы же түзөтүүчү программа зарылбы?

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — үй-бүлөдөгү агрессор зөөкүрдөй жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн түзөтүүчү программадан өтүүгө милдеттендирилет. Баса, «түзөтүүчү программа» түшүнүгү Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске дагы киргизилди.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин аймактык органдарын түзөтүү программасын ишке ашырууга милдеттендирген ченем мыйзамга 2017-жылы эле киргизилген. Бирок министрликтеги аткаминерлерге үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн финансылык дагы, административдик дагы булак бөлүнгөн эмес.

«Мыйзам 2017-жылы кабыл алынган, бирок андан бери министрлик тарабынан бир дагы түзөтүүчү программа өткөрүлгөн эмес. Аны психологдор өткөрүшү керек. Зордукчулар — өзүн башкара албаган, эмоцияларын тизгиндей албаган адамдар. Андыкдан биздин адистер атайын даярдыксыз алар менен иштей албайт», — дейт Эмгек министрлигинин гендердик саясат, зомбулуктан коргоо боюнча координациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева.

Мыйзамдын демилгечиси, парламент депутаты Динара Ашимованын пикиринде, зомбулук жасагандарды түзөтүүчү программаны ишке ашыруу милдетин Эмгек жана соцкамсыздоо министрлигине эмес, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Пробация департаментине жүктөсө ченемди ишке ашырууга мүмкүн болмок. Анын айтымында, алгачкы этапта түзөтүү программасы үчүн каражатты эл аралык донорлор бөлүп берет.

«Психологдор жана башка адистерди окутууга каражат керектелет. Алгачкы бир-эки жылда Дүйнөлүк банк акча бөлөт, андан кийин түзөтүүчү программаларды ишке ашырууга агрессорлордун өзүнөн түшкөн айыппул жумшалат», — деп айтып берди ал.

ИИМдин түзөтүүчү программадан үмүтү чоң. «Бул программаларды элге сиңирип, болушунча натыйжалуу болушуна күч жумшайбыз. Камакка алуу — маанилүү механизм экенин түшүнүп турабыз, бирок жакынкы келечекте түзөтүүчү программалар агрессордун жүрүм турумун өзгөртүүдөгү таасирдүү ыкма болот деп ойлойбуз», — дейт Данияр Сапарбаев.

Анын пикиринде, «кыргыздын эркектери үй-бүлөгө зомбулук кылбайт, аялга апаат болбойт, айтылып жаткан — бирин-экин учур». Депутат талкуу учурунда кесиптештерин аталган мыйзамга добуш бербегиле деп чакырып, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамдар керек, бирок «салт-санаа жана менталитет» эске алынышы керек деп айткан.

Самыйкожонун пикирин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев дагы колдогон. Ал дагы кыргыз үй-бүлөсүндө жүрүм-турумдун жазылбаган эрежелери бар экенин белгилеп, мыйзамдар менталитетти эске алуу менен жазылышы керек деп билдирген. Жыйынтыгында зөөкүрдү үйдөн чыгаруу жөнүндө сунушту мыйзамдан алып салышкан.

«Мыйзам иштебейт»

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө багытталган атайын мыйзам бар экенине карабай, көйгөй курч бойдон калууда.

«Өлкөдө гендердик зомбулук боюнча Борбор Азиядагы эң мыкты мыйзам кабыл алынган деп эсептелет. Бирок ишке ашырууга келгенде аксап калган — мыйзам турмуш чындыгына келгенде иштебейт», — дейт «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева «Клоопко», Акыйкатчы институтунун анализине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшөт деген мыйзамды маморгандар дагы толук кандуу аткарбай турганын айтып берди. Анын айтымында, мыйзамды аткарууга тийиш болгон айрым мамлекеттик мекемелер «кандайдыр бир иштерди аткарышы керек экенинен кабары жок».

«Тилекке каршы, зомбулуктун негизги себептеринин бири — жазанын жоктугу. Зөөкүр, кылмышкер, зордукчул аялын урса же башка кылмышка барса деле эч кандай жаза болбошун жакшы түшүнөт. Биз ушул стереотипти сындырышыбыз керек. Ар бир адам, жазадан качып кутула албашын билиши керек», — дейт Жаманбаева.

Мыйзам толук кандуу колдонулуп башташы үчүн үй-бүлө зомбулугуна кош көңүл мамиле жасаган орган кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу керек.

«Азыркы тапта милиция кызматкерлеринин — аймактык тескөөчүлөрдүн, тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин мыйзам чегинде бекитүү керек. Шалаакылык, аракетсиздик, жабырлануучуга карата орой мамиле үчүн жоопкерчиликти өзүнчө берене менен бекитүү зарыл. Алар дагы жоопко тартылышы керек, — деп эсептейт Атыр Абдрахматова. — Көзөмөл кылууга тийиш болгон прокуратура кызматкерлерин дагы жазалоо керек. Ошондо гана система иштей баштайт».

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук боюнча билдирүүлөргө талапка ылайык чара көрбөгөн милиция кызматкерлерине ансыз деле дисциплинардык жана кылмыш жоокерчилиги бар экенин айтат. Милициядан, орган кызматкерлерин шалаакылык жана жардам көрсөтпөгөнү үчүн кылмыш жообуна тартууга болорун баса белгилешти.

Анткен менен, иш жүзүндө милиционерлерди жазага тартуу аябай эле оор. 2021-жылы апрелдин башында Айзада Канатбекованы уурдап кетишип, кийин муунтуп өлтүрүшкөн — ошондо дагы милиция кызматкерлери кыздын энесинин арызына жекиликтүү көңүл бурган эмес.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери тек гана дисциплинардык жазага тартылган. Ал эми шалаакылыкка айыпталган Бишкек ШИИБнин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевди сот актап чыгарган. Азыр ал дагы деле милиция тутумунда иштеп жүрөт.