Ташиев 4 жылда кылмыштуу топтор менен байлардан 125 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты

Image descriptionУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтор менен олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирди.

Ал 20-ноябрдагы маалымат жыйынында өндүрүлгөн каражат мамлекеттик казынага кошулганын белгиледи.

Ошодой эле Ташиев каражатты өндүрүп бергендердин тизмесин жарыялоону убадалап, коррупция менен күрөш катаалдай турганын кошумчалады.

Анын айтымында, жемкорлор мурдагыдай акча төгүп эркиндикке чыкпайт, мүлкү алынып, өздөрү түрмөгө камалат.

Ташиев жемкорлорду катуу жазалоо үчүн мыйзамга  өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландаштырып жатканын белгиледи.