Башкы прокуратура «KG Group» компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун УКМК кызматкерлери күч колдонуп, кыйноого алды деген билдирүүсүнө байланыштуу тергөөгө чейинки териштирүү ишин баштады.
Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Ташов абактын кызматкерлери психологиялык басым жасап, ага күч колдонгонун айткан.
«Арыз Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Буга байланыштуу УКМКнын коопсуздук кызматы да кызматтык иликтөө жүргүзүүдө»,
— дешти мекемеден.
Ташовдун кыйноого кабылганын апасы октябрдын аягында айтып чыккан. Ал уулун ТИЗОдо ток менен азапташып, сабаганын айткан. 30-октябрда ишкер өзүнө кол салган айтылып, ооруканага жеткирилген. Ага операция жасалып, кийин кайра тергөө абагына кайтарылган.
Ташовго «Бийликти күч менен басып алуу», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча айып тагылууда.