Партиянын тарапкери Турду Акматалиев Красноярск шаарында кармалып, Кыргызстанга алып келингенин «Азаттык» анын жакындарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Акматалиев үстүбүздөгү жылдын мартында кармалган, 28-октябрда Кыргызстанда сурак берген. Анда ал фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганы кабарланган.
Биринчи май райондук соту «Клоопко» 31-октябрда Акматалиевдин бөгөт чарасы каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынганын билдирди. Ага «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен айып тагылууда.