Бишкектеги гараж кооперативдеринин биринде гараж ээлери менен мэрия кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Калаа бийлигинин өкүлдөрү Псковская 71 дарегиндеги курулуштарды бузуу үчүн барышкан.
Мэриянын маалыматына ылайык, гараж ээлери Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлерине «жыты бензинге окшош» суюктук чачышкан. Мындан тышкары алар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасы менен атайын техникасына зыян келтиришкен.
Мэриядан гараждарды «уруксат берилбеген объектилер» деп аташты. Мекемеден буга чейин муниципалитеттин кызматкерлери гараж ээлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүн кошумчалашты.
Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат.