Европарламенттин депутаты Игнасио Санчез Амор кыргыз бийлигинин «социал-демократтарга» карата аракетин айыптап, партиянын камактагы лидери Темирлан Султанбековго кайрылды.
Амор «Социал-демократтардын» добуш сатып алуу иши «өтө шектүү жана күмөндүү экенин» билдирди.
«Бул кыйла эле таң калычтуу учур, анткени кылмыш мыйзамдары жагынан кандайдыр бир жоопкерчилик болсо дагы, кайсы бир партиянын шайлоого катышуусуна тыюу салууга себеп жок эле», — деп эсептейт ал.
Депутаттын айтымында, Европарламент «Социал-демократтардын» айланасындагы саясий абалга көз салууда. Ал Европа парламенти ошондой эле камалгандан бери ачкачылык кармоону улантып жаткан саясатчынын абалына тынчсызданып жатканын белгиледи. Амор жакынкы убакта Султанбековду эркиндикте көрүүнү каалай турганын кошумчалады.
Игнасио Санчез Амор Европарламенттин тышкы иштер комитетинин мүчөсүнөн тышкары Кыргызстан боюнча атайын баяндамачы болуп да эсептелет.
«Атайын баяндамачы катары Кыргызстанда негизги укуктардын бузулганына байланыштуу Европарламентке чукул резолюция сунуштадым», — деп жазган ал буга чейин X соцтүйүнүнө.
13-ноябрда укук коргоо органдары «Социал-демократтардын» Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. Андан соң милиция Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев добуш сатып алуу жөнүндө сүйлөшүп жатат делген телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун тараткан. Бишкек милициясынын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө алар шайлоочулардын ар биринин добушун 1000 сомдон сатып алууну уюштурганы аныкталган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбековду жана партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Султанбеков камакка алынгандан кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анын айтымында, УКМК кызматкерлери партия тарабынан добуш сатып алуу болбогонун, бирок «Ташиевдин буйругу менен иш кылууга аргасыз болушканын» билдиришкен.
Азырынча атайын кызмат саясатчынын бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. Кылмыш ишине байланыштуу «Социал-демократтар» партиясы Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышуудан четтетилген.