Бишкектин административдик соту «Социал-демократтар» партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына каршы берген арызын четке какты.
Сот комиссиянын «Социал-демократтар» партиясын шайлоодон четтетүү чечимин күчүндө калтырды.
13-ноябрда күч кызматкерлери партиянын штабын тинтүүгө алган. Кийин Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаевдин добуш сатып алуу жөнүндө сүйлөшүп жатат деген үн жаздыруусу тараган.
Милициядан тергөө учурунда алар шайлоочулардын добушун 1000 сомдон сатып алууну уюштурганы аныкталганын айтышкан. 15-ноябрда сот партия лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди камакка алган.
Жергиликтүү кеңештеге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өттү. Бирок ага «Социал-демократтар» партиясы иш козголгондуктан катыша алган жок.