УКМК кызматкерлери 20-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Канатбек Исаевди кармаган. Бул тууралуу «Клоопко» күч түзүмдөрүндөгү өз булактары билдиришти.
Алардын айтымында, саясатчы болжол менен уюшкан кылмыштуу топторго байланышы болгону үчүн кармалды.
Исаевдин адвокаты Бакыт Осмоналиев «Азаттык» радиосуна саясатчынын баш коргоо чарасы бүгүн караларын билдирди. Анын айтымында, азырынча Исаевдин кайсы иш боюнча кармалганы белгисиз.
УКМКнын басма сөз кызматы азырынча Исаевдин кармалышы боюнча комментарий бере элек.