Айсулу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиадага даярданарын айтты

Image descriptionБалбан кыз Айсулуу Тыныбекова УТРК спорт телеканалына курган маегинде ден соолугун калыбына келтирип, бир-эки жылдан кийин 2028-жылкы Олимп оюндарына даярданып баштаарын билдирди.

«Чоң спортто көп жаракат алдым, ошондуктан калыбыма келүү убакытты талап кылат, дарыланышым керек. Баарын салмактап көрүп, денемдин абалына карап, кайрадан спортко аттанам. Жеңиш алып келгенге болгон күч-аракетимди жасап көрөм», — деди ал.

Быйыл октябрда Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланган.

31 жаштагы Тыныбекова — Азиянын алты, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Париждеги Олимпиадада коло, 2021-жылкы Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан.