Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Токмок шаарында жубайына зомбулук көрсөтүп жүргөн делген кишинин иши сотко өткөнүн билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, зомбулук тууралуу 21-сентябрда белгилүү болгон. Анда шаардагы батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине милиция кызматкерлери барып, жабырлануучу арыз жазган. Ал жолдошу «дайыма ур-токмокко алып, кемсинтип келгенин» белгилеген.
Ошол эле күнү жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, баш сөөгүнөн жабык жаракат алганы аныкталган.
Бул боюнча үй-бүлөлүк зомбулук беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынган.
Эсептөөлөргө ылайык, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — аялдар. Быйыл сегиз айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га көп.