УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди коркутуп кат жазган делген шектүүнү аныкташты.
Каттын ээси Куралдуу күчтөрдө жана Ооганстанда аскердик кызмат өтөгөнү айтылат. Ошондой эле мурда эки жолу соттолгон.
УКМКдан шектүү катты алардын кабылдамасына тамак-аш үчүн макул болгон үй-жайсыз кишиден берип жибергенин кошумчалашты.
«Ж.А.С Ташиевди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн киши өлтүрүү менен коркутуп электрондук форматтагы анонимдүү кат даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген», — дешти мекемеден.
Шектүүгө «Кылмышка даярдык көрүү» жана «Адам өлтүрүү» беренесинин 4-бөлүгү боюнча айып тагылып, камакка алынды.
Ташиевди коркутуп белгисиз бирөөлөр кат жазганы тууралуу 20-ноябрда маалым болгон. Бул тууралуу ал өзү журналистер менен жолукканда айткан.
Кийин каттын текстин Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов жарыялаган. Анда каттын ээси УКМК башчысын эмес анын жакындарына «кол салуу» буйрутмасы берилгенин, ал үчүн «таасирдүү адамдар жакшы» төлөп беришкенин жазган.