Белгилүү хирург Эрнст Акрамов 89 жашында көз жумду

Image descriptionБул тууралуу медиктердин кесиптик кошуунунун башчысы Бермет Барыктабасова соцтүйүндөрдө билдирди.

Эрнст Хашимович Акрамов — профессор, медицина илимдеринин доктору, КРдин эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, КРдин илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын баатыры.

Белгилүү хирург 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал медицина тармагында 60 жылдан ашык убакыт иштеди.

Акрамов өзүнүн эмгек жолун 1960-жылы Фрунзедеги 2-шаардык клиникалык ооруканада хирург болуп баштаган. 1992-жылдан бери Чүй облустук ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп келген. 2023-жылы ооруканага хирургдун ысымы ыйгарылган.

Акрамов 350дөн ашык илимий эмгектин, 16 монографиянын автору жана ачылыштары үчүн алган 23 патенттин ээси.