26-ноябрда Бишкектеги Барпы Алыкулов менен Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде катуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаа №23 автобус менен кагышты.
Кырсыктын кесепетинен автобустагы беш жүргүнчү жана жеңил унаадагы үч адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Мэриянын алдын ала берген маалыматына ылайык, кырсыкка айдоочунун жол эрежесин бузганы себеп болгон.
Буга чейин Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан 345 жол кырсыгы катталганы кабарланган. Алардын жарымын жакынында автобустун айдоочулары күнөөлүү деп табылган.
Өлкөдө быйы тогуз айда жалпы 5 049 жол кырсыгы катталып, 505 адам каза тапкан, 7 408 киши ар кандай жаракат алган.