Орусиядагы катаалдашкан миграциялык саясат — 2025-жылы кандай мыйзамдар күчүнө кирет?

2025-жылдын 1-январынан тарта Орусия Федерациясында чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы эрежелерди караган мыйзам күчүнө кирет. Буга чейин 2024-жылдын октябрь айында Орусия Федерациясынын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин жыл башынан бери мигранттарга каршы 12 мыйзам кабыл алынганын билдирген. Орусияда эмгек мигранттары үчүн кандай өзгөрүүлөр болорун айтып беребиз. 

Мигранттарга талаптар күчөдү 

Мекенинде жакшы төлөнгөн иш орундардын жетишсиздигинен Борбор Азиядан Орусияга болгон миграция агымы токтобой келет. Бирок, Орусия Украинага толук кандуу кол салгандан кийин Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны азайды. Бул өзгөрүүгө Орусиянын мигранттар үчүн эрежелерди катаалдаштырып жатканы да таасир этүүдө.

Алсак, быйыл август айынын башында орус депутаттары мигранттарга бир катар чектөөлөрдү сунушташкан: билим берүү жана медицина тармагында иштөөгө, жүргүнчүлөрдү ташуу, тамак-аш жеткирүү, ошондой эле жогорку киреше алып келүүчү айрым кесиптер менен алектенүүгө тыюу салууну караган демилгелерди көтөрүшкөн. 

Орусиянын башчысы Владимир Путин үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында «Валдай» эл аралык клубунда сөз сүйлөп, иштөөгө келгендер орус тилин жакшы билип, жергиликтүү мыйзамдарды жана салттарды урматтоого жана сактоого милдеттүү деп белгилеген. Анын айтымында бул жергиликтүү тургундардын кыжырдануусун азайтып, мигранттарды кабыл алууну жеңилдетет.

18-ноябрда Орусиянын Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников 2025-жылдан тарта облус аймагында мигранттарга патенттин негизинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштөөгө тыюу салган токтомго кол койгону белгилүү болду. Ага чейин Новосибирск облусунун бийлиги такси жана тамеки менен суусундукту чекене сатуу иштерине мигранттарды жалдоого тыюу салган. 

Жаңырган жылдан тартып күчүнө кирген талаптар

Мурда Орусиянын аймагында уруксат берүүчү документтери жок чет өлкөлүктөр 180 күн жүрө алчу. Жаңы эрежелерге ылайык, бул мөөнөт 90 күндөн ашпашы керек.  

Ал эми 5-февралдан тартып Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө «чыгаруу режими» колдонула баштайт. Бул эмне болгон режим? 

Мыйзамсыз жүргөн же документтерин убагында жөнгө салбаган, мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандар атайын «көзөмөлдөгү адамдардын реестрине» киргизилет. Реестрге киргендерге жашаган жерин уруксатсыз өзгөртүүгө, жашаган аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынат. Аны менен катар, автоунаа айдоого жана айдоочулук күбөлүк алууга, никеге турууга жана ишкерликти каттоого уруксат берилбейт. Кыймылсыз мүлк сатып алууга жана айрым банктык операцияларды ишке ашырууга чектөө киргизилет.  

Аталган реестрге кирип, милдеттерин аткарбагандар, мыйзамдарды бир нече жолу бузгандар депортацияланат же атайын кармоочу жайга жайгаштырылышы мүмкүн. 

Мыйзамга ылайык, сот аткаруучулары Ички иштер органдарынын мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарды Орусиядан чыгаруу боюнча чечимдерин аткарууга милдеттүү.

Аскердик каттоого турбаса жарандыгы жокко чыгат

Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүнүн шартында мигранттардын ансыз да оор турмушу мурдагыдан да оорлошту. Путин кол койгон мыйзамга ылайык, орус жарандыгын алган чет өлкөлүктөр аскердик каттоого турбаса, жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн. Ошол эле учурда, Орусияда аскердик кызмат өтөп жаткан мигранттар үчүн жарандык алуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул мигранттарды татаал тандоого алып келүүдө: же өмүрүн тобокелге салуу, же жарандыгынан ажыроо коркунучу алдында калуу.

Буга чейин Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Орусиянын паспортун алган жарандарды Украинага согушка жөнөтүп жатышканын айтып, муну мигранттардын санын кыскартуу боюнча «фишка» деп айтканы бар.  

«Мигранттар Орусиядан акырындап кете баштаганына алып келген фишканы таптык. [...] Аскердик каттоого тургусу келбеген, бирок жарандык алгандардын 30 миңден ашыгын кармадык. Алардын ичинен 10 миңдейи Атайын аскердик операция аймагына жөнөтүлдү», — деген анда Бастрыкин. 

28-октябрда «Азаттык» басылмасы Украинадагы согушта Орусия тарапта согушуп, каза болгон теги кыргызстандык 51 жаранды аныктаган. Алардын 25и кыргызстандын жараны болсо, 23ү орус жарандыгын алган, дагы үчөөнүн жарандыгы белгисиз. Набыт болгондордун эң кенжеси 20да, ал эми улуусу 57 жашта болгон. 

Мигранттарды эмне күтөт?

Орусияда эмгектенип жүргөн айрым кыргызстандыктар ушул тапта эле Орусиянын ички иштер органдарынын ырайымсыз мамилесине нааразы болсо, айрымдары элчилик жеткиликтүү иш алып барбай жатканына нааразы.

2007-жылдан бери Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык Жаныбек полиция кызматкерлеринин кыргыздарга кылган ырайымсыз мамилесине нааразы.  

«Орусиянын полиция кызматкерлери бизди адам катары көрбөйт. Калганын айтпай эле коеюн. Бажы биримдигине кирдик дегенди кыргыздын оозунан эле угам. Биздин Элчиликке сөз жок. Орусия мыйзам чыгарат элчилик менен диаспара жарнама кылат. Андан башка колунан иш келбейт», — дейт Жаныбек. 

Ал эми 2019-жылдан бери такси кызматында иштеген кыргызстандык Максаттын айтымында, ишке барган чет элдиктерге кыйынчылык жараткан маселелер каттоого туруу, аны узартуу, эмгек келишимин түзүү.  

«Эмгек келишими таксиде иштегендерде бар, бирок бөлөк жумушта иштеген биздин жарандарга чынында кыйын. Көпчүлүгү ар үч ай сайын миграциялык картасын жаңылап турчу эле, эми жаңы мыйзам боюнча андай кыла алышпай калса өтө кыйын болот», — дейт Максат. 

Юрист, миграция суроолору боюнча адис Мирлан Токтобековдун айтымында, Орусияда күч органдарына кеңири ыйгарым укуктар берилгендиктен, эми мигранттардын процессуалдык укуктары сакталбай, мажбурлап чыгарып салуу тажрыйбасы күчөшү мүмкүн.  

«Азыркы учурда согуш болуп жатканына байланыштуу Орусиянын чек арасынан себепсиз эле киргизбей кою тактикасы күчөдү. Федералдык коопсуздук кызматы чек арадагы көзөмөлдөн адам жакпай калса эле эч кандай себеби жок эле узак убакытка Орусияга киргизбей коюу чечимин кабыл алууда. Федералдык коопсуздук кызматы 20 миңге жакын кыргызстандыкты кара тизмеге киргизген, жана аларды чыгаруу механизмдери дээрлик жок болгондуктан, сот аркылуу да чектөөлөрдү алып салуу кыйын болууда», — дейт Токтобеков.

Миграция суроолору боюнча адис Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, кыргызстандыктарга жеңилдиктер каралса да, бирок кыргыз жарандары аны да туура пайдалана албай жатканын айтат. 

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «Клоопко», элчилик Орусиянын миграциялык мыйзамдарында болуп жаткан өзгөртүүлөр, бардык актуалдуу маселелер боюнча Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарга ыкчам маалымат берүү боюнча иштерди тынымсыз жүргүзүп турат деп билдирди.

Кыргыз бийлиги кандай иштерди аткарды?  

Кыргызстандын бийлиги мигранттардын маселесин «өз өлкөңөргө кайткыла» деген чакырык менен чечкиси келет

Сентябрь айынын ортосунда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов  азыркы тапта өлкөдө тигүү, курулуш тармагында жумушчу күчтөр жетпей жатканын айтып, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтууга чакырган

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги эмгек мигранттарын өлкөгө кайтаруу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда. Министрликтин өкүлү Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, бүгүнкү күндө президенттин тапшырмасы менен миграциядан кайткандарды ишке орноштуруу боюнча иштер жүрүүдө жана 250 миңден ашык жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул жумуш орундары жаңы жеңил өнөр-жай ишканаларын жана социалдык обьектиларди ачуу менен түзүлөт. 

«Албетте айлык-акыны алар чет өлкөдө алып жаткан эмгек акы менен салыштырып болбойт. Ошондуктан кээде легалдуу жана коопсуз миграцияга шарт түзүүгө муктажбыз», — деди министрдин орун басары. 

Бул үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандан эмгек миграциясы үчүн багыттарды ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет кылууда. Мисалы, министрликтин алдында жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору иштейт, ал кыргызстандыктарды башка өлкөлөрдөгү – мисалы, Орусиядан сырткары, Улуу Британия, Түштүк Корея жана Чыгыш Европа сыяктуу мамлекеттердеги иш орундар тууралуу маалымат менен камсыздайт.

Эгер сиз Орусияга бара турган болсоңуз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландаган кыргызстандыктарга бир катар негизги эрежелерди карманууну сунуштайт

  • Орусиянын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө талап кылынган идентификациялык документтерди алдын ала даярдоо; 
  • Кошумча текшерүү иш-чараларына даяр болуу; 
  • Орусиянын чек ара жана башка компетенттүү органдарынын талаптарын аткаруу сунушталат; 
  • Чек арадан өткөрбөй койгон учурда баш тартуунун себеби жазылган тиешелүү документти алуу;
  • Эл аралык келишимдерге ылайык, кирүүгө тыюу салынган адамдар кайра өз өлкөсүнө жөнөтүлүп, алардын жол киреси жана убактылуу тамак-аш менен камсыздалышы авиакомпания жоопкерчилигинде; 
  • Өзгөчө жагдайларда, Орусиядагы консулдук мекемелерден жардам сурап, зарыл болсо котормочу чакырса болот.

Орусиянын чек арасы аркылуу өтүү пункттарында киргизилген күчөтүлгөн көзөмөл бардык чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. Бул абал  «Крокус Сити Холдо» болгон теракттан кийин Орусиянын коопсуздугун камсыздоо жана терроризмге каршы коргоону камсыз кылууга багытталган.