Призидент Акылбек Жапаров баштаган бир катар жетекчиге сөгүш берди

Орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктар сатып алынганы үчүн Министрлер кабинетинин, Билим берүү министрлигинин жана Президенттин администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыяланды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн Акылбек Жапаров менен орун басары Эдил Байсаловго сөгүш берилди.

Мындан тышкары президент билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага, президент менен Минкабдын чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчи орун басары Жипариса Рысбековага, тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбековго да сөгүш жарыялады.

Акылбек Жапаров кол койгон буйрук боюнча, август айында Билим берүү министрлиги Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Технопарк» мекемеси менен 80 миң ноутбук сатып алуу үчүн келишим түзгөн.

«Министрлик жаңы өндүрүштү баштоону — ноутбуктарды эки жерде: “Кыргызиндустрия” менен техникалык университеттин алдындагы мекемеде чогултуп чыгарууну көздөөдө», — деген Кендирбаева.

Ноутбуктарды сатып алууга бюджеттен 1 миллиард 364,4 миллион сом каралган (2024-жылы 678 миллион, 2025-жылы 686,4 миллион сом бөлүнмөк). Жапаров 14-ноябрда парламентте 2025-жылдын февралынан тарта мугалимдерге жалпы 27 миң ноутбук берилерин айткан. Бир ноутбуктун наркы болжол менен 25 миң сом экенин белгилеген.