«Ак-Кула» ат майданынын жери чет өлкөлүк эки компанияга таандык фирмага берилди

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев мурдагы «Ак-Кула» ат майданынын жерин 49 жылга берүү тууралуу «РЦА Ливинг» компаниясы менен түзүлгөн келишимге жана макулдашууга кол койду.

Мэриянын маалыматына ылайык, «РЦА Ливинг» ЖЧКсы эки чет өлкөлүк фирманын («ROX Group» жана «TNG Global Foundation») туундуу компаниясы.

«2024-жылы 8-июлда мэрияга аталган компаниядан комплекстин мүлкүн сатып алуу жөнүндө сунуш келип түшкөн», — деп билдиришти мэриядан.

Мекемеден келишим боюнча инвесторлор мурдагы ат майдандын жерине көп функционалдуу комплекс куруу милдеттенмесин алганын белгилешти. Эми 53,5 гектар аянтта бизнес-борборлор, турак үйлөр, социалдык жана инфраструктуралык объектилер пайда болушу керек.

Компания ошондой эле үч мектеп, үч бала бакча, унаа токтотуу жайларын, жолдорду жана тротуарларды салышы керек. Келечекте жалпысынан 3,5 млрд сомго бааланган бул объектилер шаардын менчигине өтөт.

«Инвестор Бишкектин Башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Жыйынтыгында мэрияга 10 млрд сомго чейин каражат түшөт», — деп кошумчалашты мэриядан.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмү 87 млрд сомго жакын сумманы түзөт.

Юстиция министрлинин маалыматы боюнча, «РЦА Ливинг» ЖЧКсы көп кабаттуу үйлөрдү жана адам жашоого ылайыкталбаган имараттарды куруу менен алектенет.

1947-жылы курулган «Ак-Кула» ипподрому ат оюндарын өткөрө турган алгачкы ири жайлардын бири болгон. Анын жалпы аянты 60 гектарды түзөт. 2020-жылы объект авариялык абалда жана оңдоого мүмкүн эмес деп табылган. Кийинчерээк бийлик ат майдан бузулуп, анын ордуна «Москва-Ситидегидей» көп кабаттуу үйлөр жана бизнес-борборлор курулушу мүмкүн экенин билдирген.