Энергетика министрлиги: Токтогул ГЭСине эки калкыма күн электр станциясы курулат

Минкаб чет өлкөлүк компаниялар менен Кыргызстанда эки калкыма күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык келишимге кол койду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, электр станциясын төрт жылдын ичинде куруп бүтүү пландалууда. Алардын ар бири эки фазадан туруп, кубаттуулугу 612 МВт түзөт.

Макулдашууга төрт чет элдик («Sonnenenergie, a.s.», «AB Progressio GmbH», «LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG») жана эки кыргызстандык «СЭС Токтогул» ААК, «СЭС Токтогул КГ») компания катышууда.

«Кол коюлган документтин негизги максаты — КРдин жашыл энергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электр энергиянын импортуна көз карандуулукту азайтуу, энергетикалык коопсуздукту жана көз карандысыздыкты бекемдөө», — деп билдиришти министрликтен.

2023-жылдын аягында Минкаб башчысы Акылбек Жапаров 2026-жылга карата Кыргызстан энергетикада профицитке чыгып, электр энергиясын экспорттой баштай турганын билдирген. Анын айтымында, жакынкы жылдары өлкөдө ондогон ГЭС, анын ичинде кичи жана күн электр станциялары курулат.