Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга электрондук көзөмөл киргизилиши мүмкүн

Юстиция министрлиги «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Ага ылайык, зомбулук жасаган адамдарга электрондук көзөмөл орнотуп, чектөө киргизүү сунушталууда.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам гендердик зомбулуктун жана басмырлоонун алдын ала турган «натыйжалуу системаны» түзүүгө жардам берет.

Алсак, сот үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга үч айга чейин «электрондук көзөмөл менен» тыюуларды жана чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн — бул анын кайда жүргөнүн аралыктан байкап турууга мүмкүндүк берет.

Эгер ал мындай коргоо ордеринин эрежесин бузса, 40 саат коомдук жумуштарды аткарып же 14 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн.

Мындан тышкары сот зомбулук жасаган адамдын жабырлануучу менен түз жана кыйыр түрдө байланышуусуна тыюу салып, эрезеге жете элек балдары менен байланышуусунда ата-энелик укуктарын чектеши мүмкүн. Ошондой эле анын белгилүү бир аймакта жүрүүсүнө тыюу салынышы ыктымал. Бул талаптардын сакталышына пробация органдары көзөмөл жүргүзөт.

Маалыматтарга ылайык, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — аялдар. Быйыл сегиз айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га көп.