Өлкөдө жыл башынан бери жол кырсыгынан 640 адам каза тапты

Image descriptionМилициянын кайгуул кызматы 2024-жылдын башынан бери 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 640 киши каза болгонун билдирди. Дагы 9 миңдей адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Мекемеден жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн өлкөдө «Бахус» аталышындагы рейдтик иш-чара өткөрүлөрүн белгилешти.

«Адам өлүмү жана жаракат алуу учурлары өткөн жылга салыштырмалуу бир топ пайызга азайганы менен, бүгүнкү күндө дагы эле катталып жатканы маанилүү көйгөй болуп калууда», — дешти милициядан.

ИИМдин маалыматы боюнча, былтыр 6945 жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болгон.