Жогорку Кеңештин депутаттары 27-ноябрдагы жыйынында мектептерде окуучулар менен ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган демилгени экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Эми мыйзам долбоор президенттин кароосуна жөнөтүлөт.
Мыйзам долбоорунун демилгелеген депутат Миргүл Темирбаева долбоор мектепте акысыз билим алуу укугун камсыздоо, мыйзамсыз акча чогулткандардга жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыкканын белгилеген.
Ал мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салууну сунуштоодо. Мектептерде мамлекеттик фонд түзүү үчүн жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салуу жазасы каралууда.
Былтыр президент мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон. Кийин Минкаб мектепте мыйзамсыз акча чогултууга тыю салган токтом кабыл алган.