Президент Садыр Жапаров кийинки жылы кыргыз авиакомпаниялары Европага учууга тыюу салган EU Air Safety List тизмесинен чыгышы мүмкүн экенин билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, чектөөлөр алынгандан кийин кыргызстандыктарда Европа өлкөлөрүнө түз учуу мүмкүндүгү пайда болот.
«Акыркы жылдары авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча жүргүзүлгөн жигердүү иштер чектөөлөрдү алып салуу мүмкүндүгүн кыйла жогорулатты», — деди президент.
Жапаров «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Airbus'тун A320 же A321 үлгүсүндөгү эки учагын лизингге алууну пландап жатканын кошумчалады. Анын айтымында, бул учактар Бишкек - Париж, Бишкек -Берлин жана Бишкек - Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткарат.
«Асман Эйрлайнс» — «Эл аралык “Манас” аэропорту» ААКсынын 2023-жылдын июлунда түзүлгөн туундуу компаниясы.
Алгач «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов авиакомпания биринчи кезекте ички каттамдарды тейлей турганын билдирген. Бирок 2025-жылдан тарта компания каттамдарын Казакстан, Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө да кеңейтүүнү пландап жатат.
Буга чейин жарандар ички каттамдарга билет баалары жогору болуп жатканына даттанышкан.