Макала «Пикир» бөлүмүнө жарыяланды — мында авторлордун жеке пикири гана айтылат. Бул макаланын авторлору — Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймактык бюросунун директору, доктор Ханс Клюге менен ДССУнун Европа аймактык бюросунун Жугуштуу оорулар, айлана-чөйрө жана саламаттык бөлүмүнүн директору Робб Батлер.
«Эмне үчүн бардык аракеттерге карабастан, дагы деле адамдар СПИДден каза таап жатышат?», — бул суроону бизге ДССУнун Европа аймактык бюросунда Youth4Health тармагыбыздан жаш жигит берди. Анын жообу бир эле учурда жөнөкөй жана кайгылуу:себептери медициналык эмес.
Биз жашаган аймакта, дегеле бүткүл дүйнө жүзүндө ВИЧ/СПИД менен күрөшүүдөгү эң чоң тоскоолдук — саясий себептер: чектөөчү жана ийкемсиз чөйрө, кодулоо, басмырлоо, алтургай ВИЧтин жугуу жолдорун криминалдаштыруу, илимий негизделген жана сунушталган чараларды ырааттуулук менен пайдаланбагандык.
Учурда адамзаттын колунда СПИДди жок кылуу үчүн бардык дары-дармектер, аспаптар жана технологиялар бар. ВИЧке тест тапшырганда оң натыйжаны көрсөткөн күндө деле, бул акыр аягы өлүм деген өкүм эмес.
Антиретровирустук терапия (АРТ) бир кыйла жакшырган. Эми ВИЧ менен жашаган адамдар, өзгөчө диагнозу эрте аныкталып, вируска каршы дары-дармектерди токтотпой ичип жүрсө, кадимкидей эле дени сак жана узак өмүр сүрө алат.
Чындап эле, азыркы тапта мурдагыга караганда көп киши жашоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарын алып жатышат. Дарт аныктоонун жаңы алгоритмдери бир күндө диагноз коюуга мүмкүнчүлүк берет. Тестти жергиликтүү жамааттарда же үй шарттарында жүргүзүүгө болот. Ошондой эле бизде байланышка чейинки алдын алуу (БЧА) сыяктуу дээрлик таасирдүү чаралар бар экендигин унутпасак. Анан калса, презервативдерди колдонуу да акыркы орунда эмес.
Биздеги ВИЧке каршы күрөшүүчү каражаттар да толукталып жатат, бирок прогресс баары бир тегиз эмес. Азырынча бардык муктаждарды оорунун алдын алуу, тестирлөө жана дарылоо сыяктуу камкордук менен камтый албай жатат. Сандар дагы ушуну айтып турат.
Европанын жана Борбор Азиянын 53 өлкөсүн бириктирген ДССУнун Европа аймагында 2024-жылы ВИЧ-инфекциясынын жаңы учурларынын саны 2010-жылга салыштырмалуу 7%га көбөйгөн. ВИЧке жасалган тест жыйынтыгы оң болуп чыккан ар бир экинчи адамга диагноз кечигүү менен коюлат.
Чыгыш Европа менен Борбор Азияда ВИЧ менен жашап жаткан адамдардын жарымы ушул кезге чейин АРТ алышпайт жана ВИЧке кабылган адамдардын 42% гана вирустук супрессияга жетишет, бул вирустун башкаларга жугуу мүмкүнчүлүгү токтой тургандыгын билдирет.
СПИДден кутулуу үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жеңип, чындап аракет кылууга тийишпиз.
Биринчиден, өлкөлөр ВИЧке каршы аракеттенүү чараларын саясатташтырбашы керек.
Европа менен Борбор Азияда көпчүлүк өлкөлөр мурдагыдай эле калктын аялуу топторуна жана жалпы эле ВИЧ менен жашагандарга карата басмырлоочу жана репрессиялык мамилелерди карманышат. Ошол эле учурда айрым өлкөлөр бул көйгөйдү чечүүдө жайыраак болсо дагы алдыга жылды, башкалары убакыттын өтүшү менен реакциялык саясий тенденциялардын жана моделдердин көрүнүшүндө дээрлик артка кетишти.
ВИЧке байланышкан кодулоо тигил же бул даражада ар бир өлкөдөгү жана ар бир коомдогу көйгөй. Бизге ВИЧ менен жашаган адамдарга карата жазалоочу мүнөздөгү чаралар эмес, тилектештик саясаты керек. Медициналык мекемелерде да, коомдо да ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алуу тобокелчилигине дуушар болгон, ВИЧ менен жашаган же бул көйгөйдүн башкача таасири тийген адамдарга карата ак пейилдик жана сый-урмат менен мамиле кылууга тийишпиз.
Адамдын кимдиги же алар кайда жашаганына карабастан, кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана тестирлөө процессинин оңой болушун камсыздаган мейкиндик түзүүгө тийишпиз.
Акырында, коомчулукту агартуу, маалымат берүү, анын ичинде жаштар арасында боорукерлик сапаттарын арттыруу, жаш курагына туура келген жыныстык тарбия берүү — мунун баары ВИЧ менен жашагандарды кодулоого каршы курал болуп калат.
Экинчиден, бардык өлкөлөр жана өнүктүрүү багытындагы өнөктөштөр ВИЧке каршы күрөшүү чараларына инвестиция салууга тийиш. Бул инновацияларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында ЮНЭЙДС уюму билдирүү жасап, эгерде лидерлер ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу үчүн ресурстардын көлөмүн көбөйтө турган болсо, СПИД 2030-жылы токтошу мүмкүн деп айтып чыкты. Алдын алуунун айкалышкан жолдоруна артыкчылык берүү менен биз оору жуктуруп алуунун жаңы учурларынын санын кыскарта алабыз.
Биз ошондой эле ДССУнун бүтүндөй Европа аймагында «95–95–95» максатына жеткенге чейин ылдамдыкты азайтпашыбыз керек. Бул максат ЮНЭЙДСте 2030-жылга карата Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүү маркери катары иштелип чыккан жана ВИЧ менен жашаган адамдардын 95%ы өзүнүн статусу тууралуу билерин, ВИЧ-инфекциясы диагнозу коюлган адамдардын 95%ы АРТ терапиясын алып жаткандыгын жана алардын ичинен 95%ы вирустук супрессияга жетип жаткандыгын билдирет.
Албетте сексуалдык катнаштан кармануу, презерватив колдонуу сыяктуу турмушка коошпогон чакырыктар менен 40 жылдык эпидемияны жеңе албайбыз. Бизде жаңы чечимдер, анын ичинде БЧА, өзүн өзү тестирлөө жана акыркы муундагы АРТ сыяктуу ыкмалар бар. Демек жаңы кадамдар менен гана озо алабыз.
Үчүнчүдөн, биз адамдарга маалымат берип, профилактика кылып, тестирлөө өткөрүп жана дарылоого тийишпиз.
ВИЧ-инфекциясы диагнозу көбүнчө кеч, акыркы стадияда аныкталып жатат. Демек тестирлөө стратегиясын өзгөртүп, адамдар менен иштөөнү кыйла эрте баштоого тийишпиз. Дарт канчалык эрте аныкталса оорунун коркунучтуу деңгээлинин алдын алууга, вирустун андан ары таралышына бөгөт коет. Бул өз кезегинде калктын маанилүү топтору маалымат алуу, алдын алуу жана тестирлөө процессинен коопсуз кырдаалда өтүшу керек дегенди билдирет.
ВИЧке байланышкан кодулоо жана басмырлоо көп учурда медиктер арасында көп кездешет. Мындан улам адамдар өмүр үчүн маанилүү кызматтардан пайдалануудан оолактап, аялуу катмарды ансайын чочулатат. Биз маалыматтык кампаниялар ушул терең тамырлап кеткен адашууларга каршы туруусуна көз салууга тийишпиз.
ВИЧке байланыштуу алдын алуу, дарылоо жана медициналык жардам алуу боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгү — адамдын ден соолукка болгон укугун ишке ашыруунун бир бөлүгү. Ар бир адам кызматтарды алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда аны ошол жерден жана ошол учурда алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Биздин өлкөлөрдө СПИДди жок кылуу үчүн талап кылынган дары каражаттары жана аспаптар бар. Эми биз аларды ар бир адамдын бакубатчылыгын камсыздай тургандай колдонууга тийишпиз.
2025-жылдын башында ДССУнун Европа регионалдык бюросу ДССУнун Европа регионундагы өлкөлөр менен «95» максатына жетүү боюнча биргелешкен аракеттерге арналган консультацияларды өткөрөт. Биздин ВИЧ/СПИД менен күрөшүү боюнча туруктуу күч-аракеттербиз токтобойт. Алдыда жуугуштуу оорулар, анын ичинде жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга каршы аракеттенүү чаралары менен кыйла кеңири интеграциялануу турат.
Коомдук саламаттык сактоо тармагында тез арада көңүл бурууну талап кылган орчундуу көйгөйлөр абдан көп. Мисалы климаттын өзгөрүүсү же колдонуудагы антибиотиктерге туруктуу иммунитет пайда болуп, барган сайын адам организми аны тоготпой жатканы. Бул маселелерди чечүү абдан оор жана көп учурда жообу жок. Ага салыштырмалуу ВИЧ менен күрөшүүдө так аткара турган эрежелердин топтому бар.
Бирок ВИЧ менен күрөшүү чараларын эки эсе чындоо, саламаттык сактоо системасындагы кодулоону түп тамырынан жок кылуу, дарт аныктоо дарылоого оптималдуу инвестиция салуу үчүн, калк арасындагы негизги топторду мурдагыдан дагы жакшы медициналык камсыздап, аларды меджардам көрсөтүүнүн эң зарыл болгон континуумуна кошуу үчүн бизде саясий эркибиз жетеби?
Жакынкы он жылда СПИД пандемиясы өткөн чакта калып, болочок муун бул көйгөйдү чечебиз деп тынчсызданбагандай болушу керек. Биз өзүбүз жашаган аймакта, дегеле дүйнө жүзүндө ВИЧ өзү жана «Эмне үчүн адамдар дагы эле СПИДден каза таап жатышат?» деген суроо тарых китептеринин беттеринде гана калгандай реалдуулукка умтулушубуз керек.