Билим берүү министрлиги мамлекеттик бала бакчалардын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады.
29-30-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында тестирлөө болуп, жыйынтыгы менен тандоо өткөрүлөт.
Сынактын биринчи бөлүгү 4-ноябрда башталган, анда талапкерлер каттоодон өтүп, документтерин тапшырган. Каттоо 18-ноябрда жыйынтыкталган.
Министрликтен азыркы тапта өлкө боюнча жалпы 748 бала бакчадагы жетекчилик кызмат орду бош экенин кошумчалашты.
Өлкөдө бала бакчалар жетишсиз. Былтыр билим берүү министрлиги алдыдагы 5-7 жылда бала бакчага барган балдардын санын 90% чейин жеткирүүнү көздөп жатканын билдирген.