Кырсык 1-декабрда түнкү саат 02:20 чамасында Саратов облусундагы Ершов — Озинки унаа жолунда болгон. Анда Кыргызстандын сегиз жараны отурган Toyota Sienna унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу «СарИнформ» басылмасы полициядагы өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгында 27 жаштагы кыргызстандык каза болгон. Жабыркаган беш киши оруканага жеткирилген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен «Коопко» бул маалымат такталып жатканын айтып, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.