Шаардык сот Султанбековду, Карамушкинаны жана Турксеверди камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 2-декабрда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди камакта калтырды.

Адвокаттар соттон айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Бирок судья аларды 13-январга чейин камакка алуу тууралуу Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

«Апрель» редакциясы жарыялаган видеодо «социал-демократтардын» тарапташтары шаардык соттун чечимине нааразылык билдиришкенин көрүүгө болот. Султанбеков өзү «баары жакшы болорун» айткан.

13-ноябрда укук коргоо органдары «Социал-демократтар» партиясынын Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алган. Андан соң милиция Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев добуш сатып алуу жөнүндө сүйлөшүп жатат делген телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун тараткан. Бишкек милициясынын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө алар шайлоочулардын ар биринин добушун 1000 сомдон сатып алууну уюштурганы аныкталган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбековду жана партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. Кылмыш ишине байланыштуу «Социал-демократтар» партиясы Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышуудан четтетилген.