Адвокаттар Самат Матцаковду бошотууну талап кылышты

Кыргызстандын адвокаттык коомчулугу жактоочу Самат Матцаковдун камакка алынышына байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрдү.

Юристтер адвокаттарды аткарган иши үчүн куугунтуктоо — «бир гана адамга чабуул эмес, а бүтүндөй укук системасына коркунуч экенин» белгилешти.

Алардын айтымында, Матцаковдун үйү соттун актысы жок эле тинтүүгө алынып, анын жүрүшүндө тергөө органдары «ишке байланышы жок» документтерди да алып кетишкен.

Адвокаттар Матцаковго басым болуп жатканын белгилеп, мисал катары адвокат көрсөтмө берүүдөн баш тарткандан кийин да суракка алынганын билдиришти. Алардын айтымында, процесс өзү көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолду.

Юристтер адвокаттын камалышын «саясий негиздер менен жасалган куугунтук» деп атап, тергөө органдарынын жана судьянын аракеттери «эл аралык нормалар менен бекитилген адвокаттардын укуктарын коргоо принциптерине каршы келерин» кошумчалашты.

«Матцаков резонанстуу иштерде жактоочулук кылып, өз пикирин ачык айтып келет. Бул козголгон кылмыш иши анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген ой жаратууда», — деп билдиришти юристтер.

Адвокаттар Матцаковдун баш коргоо чарасын камакка алуудан башкасына алмаштырууну талап кылышты. Ошондой эле алар адвокаттын укуктары одоно бузулганына байланыштуу тергөө органдары менен судьянын аракеттери боюнча тергөө жүргүзүүгө чакырышты.

Матцаков буга чейин ТИЗОдо кыйноого кабылганын айтып чыккан KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун адвокаты. Мындан тышкары ал журналист Актилек Капаров менен акын Аскат Жетигендин да укуктарын коргоп жаткан.

29-ноябрда УКМК кызматкерлери Матцаковдун үйүн тинтүүгө алып, андан соң юристти кармап кетишкен. Ага ири өлчөмдөгү алдамчылык жана документ жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголгон. Адвокат бул ишти «буйрутма» деп атап, аны өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда.

Адвокаттын баш коргоо чарасы каралган сот отуруму түнү бою уланып, 30-ноябрь күнү эртең менен гана актаган. Жыйынтыгында сот аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.